1-июлдан тарта Ош шаарындагы ресторандарда тойлорду өткөрүүгө тыюу салынат

Ош шаарында 1-июлдан тарта үлпөт той, маараке сыяктуу массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Мындан улам муниципалитет ресторан ээлери менен администраторлорго массалык иш-чараларга буйрутма албай коё турууну эскертти.

Мэрия муну коронавирус жуктурган учурлардын саны өсүп жатканы менен байланыштырып, шаар "кызыл зонага" киргенин кошумчалады. Белгилей кетсек, өлкө боюнча оору көп катталгандардын саны боюнча Ош шаары 2-3-орундан түшпөй келет. Өткөн суткада аталган шаарда 73 адамдан коронавирус аныкталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД