МАИчиге акча сунуштаган айдоочулар да кылмыш жоопкерчилигине тартылат

Коррупцияга себепкер болгон айдоочулар да кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө башчыбыздын талаптарына ылайык, КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өздүк курамынын ичиндеги кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ИИОнун кадыр-баркына доо кетирген кызматкерлерден тазалануу, кызматкерлердин ээлеген кызматына, көп жылдык тажрыйбасына жана кадыр-баркына карабастан айоосуз каттуу жүргүзүлүүдө.

"Бирок, жол эрежесин бузгандыгы үчүн, жоопкерчиликтен жеңил кутулуу максатында, кызматкерлерге акча сунуштап, укук бузууну жеринен чечүүгө аракет кылып, коррупциялык элементтерге өздөрү себепчи болгон айдоочулар да, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин негизинде жоопкерчиликке тартылаарын эскертебиз.

Урматтуу айдоочулар. Жоопкерчиликтен жеңил кутулуу максатында сиздер да коррупциялык элементтерге себепчи болбоңуздар", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД