COVID-19. Бир суткада 585 кишиден вирус аныкталып, 6 адам каза болду

Бир суткада 585 кишиден вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында - 353, Ош шаары - 54, Чүй облусу - 9, Ош облусу - 19, Талас облусу - 9, Нарын облусу - 4, Ысык-Көл облусу - 22, Жалал-Абад облусу - 80, Баткен облусу - 35 кишиден вирус табылды.

COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында төрт, Ош жана Ысык-Көл облустарында бирден бейтап каза болду.

2020-жылдын март айынан бери 115 миң 615 киши вируска чалдыгып, 1 миң 937 бейтап көз жумду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД