"Ихсан Групп ЛТД" компаниясынын кыргызстандыктарга кайрылуусу - видео

Кадырлуу кыргызстандыктар, урматтуу мекендештер, чет жерде жүргөн боордоштор!

Үй-бүлө куруу, үй салуу ар бир адамдын кыялы. Биздин компания "Ихсан Групп ЛТД", ар бир кыргызстандыкка мына ушул негизги кыялдардын бири - үйлүү болууга жардамдашууга даяр!

Учурда Кыргызстандагы турак жайлар рыногу ар кандай сунуштарга бай. Бирок калктын калың катмарына жеткиликтүү социалдык турак-жайларга муктаждык курч болуп турат. Буга байланыштуу биздин "Ихсан Групп ЛТД" коммерциялык эмес турак жай кооперативи дал ушул багытта иш барууда.

Айта турган болсок, азыр Кыргызстанда турак жай сатып алуунун бир нече жолу бар:

1) үйдү түз сатып алуу;

2) банктык ипотека;

3) мамлекеттик ипотека - аны мамлекеттик кызматкерлер гана колдоно алышат.

Биз дал ушул калың катмарга ылайыктап, үй сатып алууда төртүнчү жолду сунуштап жатабыз. Анда кардарлар үчүн абдан ийкемдүү шарттар каралган. Айта турган болсок, пайызсыз ставка жана 10 жылдык бөлүп төлөө сунушталууда. Биздин катарыбыз күн санап калыңдап жатат, башка мекендештерибизди да биздин катарга кошулуп, куттуу конуштуу болууга чакырабыз!

Биздин миссия - бардык кыргызстандыктарды, анын ичинде мигрант мекендештерибизди турак-жай менен камсыз кылуу!

Белгилей кетүүчү нерсе, "Ихсан Групп ЛТД" коммерциялык эмес турак жай кооперативи өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына алкагында алып барат жана сунуштамаларына кепилдик берет!

Учурда биздин кеңселерибиз бир нече шаарларда жана өлкөнүн аймагынан сыртта да иш алып барып жатат. Бишкек шаарында, Ош шаарында Жалал-Абад шаарында, Талас шаарында жана Ала-Бука районунда биздин кеңселерибиз бар. Ошондой эле Орусияда жүргөн мигрант мекендештерибизге ылайыкташтырылып, Москва шаарында да биздин компаниянын бөлүмү ачылган.

"Ихсан Групп ЛТД" коммерциялык эмес турак жай кооперативи- барына жеткиликтүү турак жай!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД