Екатеринбургда 20 жаштагы кыз батирде көз жарган...

Екатеринбурк шаарында 20 жаштагы Кыргызстандык кыз көз жарган. Ал ооруканага кайрылууну каалабагандыктан ижарага алган үйдө төрөгөн.

"KP-Екатеринбург" укук коргоо органдары өз булагына таянуу менен билдиргендей, Екатеринбург шаарындагы батирлердин биринде төрөгөн аял тууралуу маалымат полиция бөлүмүнө тез жардам кызматынын дарыгерлеринен келип түшкөн. Аларды окуя болгон жерге коңшулары чакырышкан. Төрөт учурунда кыйналып жаткан аялдын кыйкырган үнүн угуп, өздөрү батирдин эшигин каккылашкан.

Ымыркайдын энеси Кыргызстандын 20 жаштагы жараны болуп чыкты, ал кош бойлуу болуп, доктурга кайрылбай, өз алдынча төрөөнү чечкен. Дарыгерлер келген полиция кызматкерлерине бала таштанды челекте экенин айтышкан. Төрөттөгү аял муну четке кагууда.

Жаңы төрөлгөн ымыркай менен кошо аял перинаталдык борборго жеткирилип, алар дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Азыр жаңы төрөлгөн ымыркай өзүн жакшы сезип жатат. Бул окуя боюнча тергөө материалдары ИИМден Тергөө комитетине өткөрүлүп берилди", - деп маалымдашты ЖМКлар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД