COVID-19. Бир суткада 13 бейтап каза болуп 996 адамдан вирус аныкталды

Кыргызстанда 28-июлга карата коронавирус дагы 996 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында - 603, Ош шаарында - 9, Чүй облусунда - 126, Ош облусунда - 26, Талас облусунда - 12, Нарын облусунда - 14, Ысык-Көл облусунда - 56, Жалал-Абад облусунда - 92, Баткен облусунда - 58 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 1 миң 723 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында - 1 миң 213, Ош шаарында - 68, Чүй облусунда - 184, Ош облусунда - 54, Талас облусунда - 9, Нарын облусунда - 19, Ысык-Көл облусунда - 28, Жалал-Абад облусунда - 79, Баткен облусунда - 69 бейтап айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 8, Чүй облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 2, Жалал-Абад жана Баткен облустарында бирден бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 928 бейтап, амбулатордук түрдө 12 миң 528 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 24 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 378 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 685 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 160 миң 85 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 140 миң 39 киши айыгып чыкса, 2 миң 288 адам каза болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД