COVID-19. Бир суткада 13 бейтап каза болуп 930 адамдан вирус аныкталды

Кыргызстанда 29-июлга карата коронавирус дагы 930 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында - 528, Ош шаарында - 4, Чүй облусунда - 142, Ош облусунда - 43, Талас облусунда - 16, Нарын облусунда - 17, Ысык-Көл облусунда - 57, Жалал-Абад облусунда - 67, Баткен облусунда - 56 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 1 миң 460 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында - 991, Ош шаарында - 29, Чүй облусунда - 135, Ош облусунда - 55, Талас облусунда - 15, Нарын облусунда - 34, Ысык-Көл облусунда - 30, Жалал-Абад облусунда - 86, Баткен облусунда - 85 бейтап айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 7, Чүй облусунда 3, Ысык-Көл, Ош облустарында жана Ош шаарында бирден бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 746 бейтап, амбулатордук түрдө 12 миң 164 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 17 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 417 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 756 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 161 миң 15 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 141 миң 499 киши айыгып чыкса, 2 миң 301 адам каза болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД