Анталиядагы өрттө 600 гектар жер күлгө айланып 62 адам жарат алды

28-июлда Түркиянын Анталия аймагындагы Манавгат районундагы токойлордо өрт чыкты. Бир канча сааттын ичинде 600 гектар жер күйүп кеткен. Манавгат райондук администрациясы, токойдун ичиндеги жаныбарлар жабыр тартканын, төрт айыл тургундары эвакуацияланганын билдирди.

Ал эми Түркиянын Саламаттыктты сактоо министри Фахреттин Кожа, өрттөн 62 киши жарат алганын, алар ооруканаларга жеткирилгенин кабарлады. Жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар бар-жогу тактала элек.

Шершембиде Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу, кыргызстандыктарга Манавгат аймагына баруудан алыс болууну жана ошол аймакта жашаган мекендештерге коопсуздук чараларын жана жергиликтүү бийликтин көрсөтмөлөрүн аткарууну сунуштаган кабар таратты.

Манавгат аймагы Түркиянын туристтик шаары Анталиядан 45 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул аймактын 200 миңден ашык эли негизинен айыл чарбасы жана туризм менен жан багат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД