Калкты тейлөө борборлоруна COVID-19га каршы эмдөө пункттары ачылат

Бишкек шаарында дагы бир коронавируска каршы эмдөө пункту ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдады.

Жаңы эмдөө пункту башкалаанын Жибек Жолу проспекти, 381 дарегиндеги Калкты тейлөө борборунда (мурдагы "Эльдорадо" соода борбору) жайгашкан.

Бул калктын убактысын үнөмдөө үчүн өтө ыңгайлуу экени, бир эле учурда документ иштерин жүргүзүү менен бирге вакцина алууга да мүмкүнчүлүк түзүлгөнү айтылат маалыматта.

Аталган пунктта 41 медкызматкер эмгектенип, бир күндө 1000-1200 адамды эмдөөдөн өткөрөт. COVID-19га каршы эмдөөнү 18 жаштан жогору бардык жарандар алат. Вакцина алуу үчүн паспортун көрсөтүү зарыл.

Мындан тышкары жакынкы аралыкта төмөнкү даректер боюнча да эмдөө пункттарын ачуу пландалып жатат:

№3 Калкты тейлөө борбору (Жаш Гвардия бульвары, 4);

№2 Калкты тейлөө борбору (Ч. Валиханов көчөсү, 2, "Аю Гранд Комфорт" соода борбору).

Белгилеп кете турган жагдай, Google Play Market жана App Storeден Earlyone мобилдик тиркемесин жүктөп алып, аталган борборлорго барууну алдын ала пландоого да болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД