COVID-19. Бир суткада 10 бейтап каза болуп 958 адамдан вирус аныкталды

Кыргызстанда 30-июлга карата коронавирус дагы 958 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында - 574, Ош шаарында - 6, Чүй облусунда - 128, Ош облусунда - 26, Талас облусунда - 13, Нарын облусунда - 24, Ысык-Көл облусунда - 52, Жалал-Абад облусунда - 78, Баткен облусунда - 57 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 1 миң 485 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында - 997, Ош шаарында - 40, Чүй облусунда - 131, Ош облусунда - 61, Талас облусунда - 26, Нарын облусунда - 22, Ысык-Көл облусунда - 33, Жалал-Абад облусунда - 93, Баткен облусунда - 82 бейтап айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 5, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 888 бейтап, амбулатордук түрдө 11 миң 483 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 25 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 442 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 790 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 161 миң 973 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 142 миң 984 киши айыгып чыкса, 2 миң 311 адам каза болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД