Адвокат: Кумтөрдөгү зыянды Сариев аныктаган эмес, ал себепсиз кармалды

Кумтөрдөгү экологиялык зыянды мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев эмес, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча тийиштүү мамлекеттик орган аныктаган. Бул тууралуу 4-августта Сариевдин адвокаты Тимур Султанов билдирип, ага коюлуп жаткан айып мыйзамсыз жана негизсиз экенин белгиледи.

Жактоочу тараткан билдирүүдө Сариев Кумтөр боюнча буга чейин да суракка өз убагында барып жүргөнүн, 3-августта УКМК аны иштеп отурган жеринен эч кандай билдирмесиз алып кетип, үч саат бою эч бир тергөө аракеттерин жасабастан кармап отургандан кийин токтом чыгарып камап койгонун айтты.Сариев жетектеген комиссия ишин ачык жүргүзгөнүн, курамында парламент депутаттары, адистер, көз каранды эмес эксперттер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болгонун, анын корутундусуна учурунда Жогорку Кеңеште өтө жогору баа берилгенин кошумчалады.

УКМК Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген Сариевди "Кумтөр кениндеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан" деген айып менен 3-августта 48 саатка камаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД