Акжол грек-рим күрөшчүлөрүнүн дүйнөлүк рейтингинде экинчи орунга көтөрүлдү

Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов Бириккен күрөш дүйнөсүнүн 77 килограмм салмактагы грек-рим балбандарынын рейтингинде экинчи орунга көтөрүлдү.

Кечээ, 3-августта кыргызстандык балбан Олимпиаданын коло байгесин уткан. Финалдык беттеште ал венгриялык Тамаш Лёринц менен күрөшүп, 1:2 эсебинде жеңилген.

Махмудовдун күмүш байгеси Кыргызстандын Токиодогу Олимпиада оюндарындагы алгачкы медалы болду. Ал Кыргызстандын тарыхында Олимпиаданын финалына чыгып, күмүш медалын уткан кыргызстандык экинчи спортчу болуп калды.

Дүйнөлүк рейтингдин биринчи орунунда мурункудай эле Тамаш Лёринц турат (Акжол Махмудовду финалда жеңген балбан).


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД