Ошто жол кырсыгынан 5 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 8-августа саат 06:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 618-чакырымында Өзгөн району Шералы айылында болгон. Анда "Хонда Степ" үлгүсүндөгү унаа менен портер менен кагылышып, Мырза-Аке айылынын 5 жараны ар кандай жарааттарды алган.
Жерине 3 куткаруучу тартылган. Оор жаракат алгандар Өзгөн райондук ооруканага тез жардам менен жиберилген. Жабыркагандардын абалы оор.