Кыргызча билбегени үчүн кол көтөргөн жаранга Орусияга кирүүгө тыюу салынды

Орусиянын Ички иштер министрлиги Бишкектеги балдар оюн-зоок борборлорунун биринде иштеген кызматкер кызды кыргызча сүйлөбөгөнү үчүн эсептегич менен уруп жиберген жаранга 10 жылга чейин Орусияга кирүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Russia Today агенттиги жазды.

Белгиленгендей, Ички иштер министрлиги Бишкектеги балдар оюн-зоок борборлорунун биринде болгон окуя боюнча териштирүү жүргүзгөн. Натыйжада Кыргызстандын жараны Али Алимбаевди Орусияга 10 жылдык мөөнөткө киргизбөө боюнча чечим кабыл алынган.

Белгилей кетсек, аталган окуя 5-август күнү Бишкектеги балдар оюн-зоок борборлорунун биринде болгон. А. Алимбаев аттуу жаран ал жакта иштеген кызматкер кызды кыргызча сүйлөбөгөнү үчүн эсептегич менен уруп жиберген. Ал үчүн Алимбаев УКМКдан эскертүү алган.

Ошондой эле июль айынын ортосунда Ысык-Көлдө дзюдо боюнча машыгуу учурунда 9 жашар орус баланы теңтуштары сабаганы белгилүү болгон. Ал окуя териштирүүгө алынып, кийинчерээк тараптар маселени сүйлөшүү жолу менен чечкен.

Аталган окуяларга байланыштуу Орусия президентинин алдындагы Жарандык коом жана адам укуктары боюнча кеңештин эл аралык кызматташуу комиссиясы да билдирүү жасап, Орусиянын мамлекеттик органдарын чет жердеги орусиялык мекендештерди коргоо чараларын күчөтүүгө чакырган.

Андан тышкары, Орусиянын Мамлекеттик думанын депутаттары орус тилдүү жарандарды кысмакка алган адамдарды Орусияга киргизбей коюуну сунуштаган.

Ошондой эле, ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский Орусиянын Кыргызстандагы элчисин чакыртып алууну, Кыргызстан менен экономикалык байланышты чектөөнү, кыргызстандык эмгек мигранттарды мекенине кайтарууну талап кылууну сунуштаган. Аны менен бирге ал Кыргызстандын элчилигинин алдында митинг да уюштурду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД