Жалал-Абадда Унаа оңдоочу жайда өрт болуп беш унаа өрттөнгөн

16-августта Жалал-Абад шаарынын Абдрахманов көчөсүндөгү "Келечек" акционердик коомуна караштуу унаа оңдоочу жай өрттөнүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Унаа оңдоочу жайдын 432 чарчы метр аянты ичиндеги 5 автоунаа менен кошо өрттөнүп, 24 жаштагы А.Р. аттуу жарандын колу күйүп калган.

Учурда өрттүн себеби такталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД