Нарындан Ысык-Көлгө эс алууга келген 18 жаштагы жигит каза тапты

Ысык-Көл районундагы пансионаттардын биринде 18 жаштагы жигит көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу Ысык-Көл РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 16-август күнү Ысык-Көл районунун ички иштер бөлүмүнө сууга чөгүп кеткен жигиттин сөөгү түшкөнү тууралуу аймактык ооруканадан билдирүү түшкөн.

Бул билдирүү электрондук маалымат журналына катталып, райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге жөнөп кеткен. Милиция кызматкерлери тарабынан күбөлөрдү суракка алуу учурунда Нарын облусунун 18 жаштагы тургуну К.Н. достору менен Ысык-Көл районундагы пансионаттардын биринде эс алып жатканы белгилүү болгон. К.Н. көлгө сүзгөнү барып, күтүүсүз жерден чөгүп кеткен. Анын жансыз денеси жээкте эс алып жаткан адамдар тарабынан табылган.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы боюнча тергөө жана процессуалдык баа берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД