Алмамбет Салиевдин тергөө абактагы мөөнөтү 16-октябрга чейин узарды

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 18-августтагы чечими менен президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин бөгөт чарасы 16-октябрга чейин узартылды. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында кармалат.

Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун катчылыгы кабарлады.

УКМК Салиевди 16-июнда камаган жана ага "мыйзамсыз баюу" беренеси менен айып койгон. Салиев күнөөсүн моюнуна алган эмес.

Атайын кызмат ал Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда кызмат абалынан пайдаланып, соттордун ишине активдүү кийлигишкенин, расмий кирешесине дал келбеген мүлктү сатып алганы аныкталганын маалымдаган.

Алмамбет Салиев президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп 2017-жылдын аягынан 2020-жылдагы октябрь окуяларына чейин иштеген. Кызматта турганда анын дарегине "бийликтеги таасирдүү адамга айланды, сотторду жана күч органдарын жапырт көзөмөлдөйт" деген сын-дооматтар айтылып келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД