Садыр Жапаров 19-21-августта Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров 19-21-августта Ысык-Көл облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отурумун өткөрүүгө байланыштуу эл аралык мүнөздөгү иш-чараларга катышат.

Мамлекет башчысы Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) катышуучу өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары менен жолугушуп, Биримдик алкагында кызматташтык маселелери жана интеграция чараларын тереңдетүү боюнча пикир алмашат.

Андан кийин Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусу боюнча жумушчу сапарын баштап, ал жакта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында өткөрүлүп жаткан иш-чараларга, ошондой эле өндүрүштүк жана өнөр жайлардын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Белгилей кетсек, 19-20-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги отуруму көзмө-көз форматта өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД