Ысык-Көл: Жети-Өгүздүн элин 2 млн сомго алдап кеткен жаран кармалды

Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө Барскоон айылынын тургуну арыз менен кайрылып, август айынын башында Али аттуу жаран 29 миң сомго бааланган өрүгүн алып, акчасын төлөбөй кетип калганын билдирген.

Арыз райондук милиция тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен тергөө-иликтөө башталган.

Ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында, аталган кылмышка шектүү Орусиянын 40 жаштагы жараны М. М. экени аныкталган.

Шектүү "Манас" аэропорту аркылуу өлкөдөн чыгып бараткан жеринен кармалып, Жети-Өгүз РИИБине өткөрүлүп берилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө, шектүүнүн ошол эле райондун 60 тургунун алдап кеткени такталган. Мындан жергиликтүү калк 2 миллион 300 миң сом зыян тарткан.

Кылмышка шектүү Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда мындан башка да кылмыш иштерине катышы бар же жогу иликтенип жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД