Борбор калаанын көркүн бузган көп кабаттуу үйдүн көчө тарабы оңдолду

Киев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн маңдай жагы оңдолду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул имарат шаардын архитертуралык көркүн түзөт, имараттын маңдай жагы абдан начар абалда болгондуктан, капиталдык оңдоого муктаж эле.

Көп жылдар бою көп кабаттуу турак үйдүн маңдай жагын оңдоону эч ким колуна алган эмес, белгилей кетсек, шаарыбыздын сырткы көрүнүшүнө кайдыгер карабаган демөөрчүлөрдүн эсебинен оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Киев көчөсү, №135 үйүнүн жашоочуларынын жана жарандарынын кайрылуусунун негизинде, Биринчи май муниципалдык администрациясынын башчысы тарабынан демөөрчүлөрдү тартуу чечими кабыл алынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД