АКШ Ооганстандан аскерлерин чыгаруу иши аяктаганын билдирди

АКШ армиясы Ооганстандагы аскерлерин чыгарып кетүү ишин аяктады. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Кошмо Штаттардын Борбордук командачылыгынын башчысы Кеннет Маккензи билдирди.

Ошол эле маалда АКШнын Жарандык авиация боюнча федералдык башкармалыгы Кабулдагы эл аралык аэропорт мындан ары алардын көзөмөлүндө эмес экенин кабарлады. Буга чейин америкалык аскерлер эвакуация иштерине шарт түзүү максатында Кабулдагы учактардын кыймылы үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алган.

Дүйшөмбү күнү Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши "Талибан" кыймылын ооганстандыктар менен чек өлкөлүктөрдүн чыгып кетүүсүнө мүмкүндүк берүү тууралуу убадасын аткарууга чакырган резолюцияны жактырган.

France-Presse агенттигинин маалыматына ылайык, бул документти кеңештин 15 мүчөсүнүн 13ү колдоп, экөө - Кытай менен Орусия добуш берген эмес.

Резолюцияда буга чейин Франциянын президенти Эммануэль Макрон айткан "коопсуздук зонасын" түзүү тууралуу эч нерсе жазылган эмес. Мурдараак Макрон Париж менен Лондон гуманитардык операцияларды улантуу үчүн Кабулда БУУнун көзөмөлүндөгү коопсуздук зонасын түзүү тууралуу резолюция долбоорун даярдаганын айткан.

Дүйшөмбү күнү АКШнын Мамлекеттик департаменти уюштурган виртуалдык жыйында бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Канаданын, Франциянын, Германиянын, Италиянын, Жапониянын жана Катардын тышкы иштер министрлери Ооганстан боюнча алдыда жасала турган кадамдарды талкуулашты.

30-августта Пентагондун өкүлдөрү июлдун аягынан бери Кабулдан учактар менен 122 миң киши чыгарылганын билдиришкен. Алардын көбү августтун ортосунан кийин талибдер Кабул шаарына кирип келгенден соң өлкөдөн чыгып кетишкен.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Ооганстандан алты миңге жакын америкалык чыгарылганын билдирген. Учурда президент Жо Байдендин администрациясы дагы канча америка жараны Кабулдан чыгып кетүүнү каалап жатканын тактоого аракет кылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД