COVID-19: Кыргызстанда суткада 82 жаңы учур аныкталды, 2 бейтап каза болду

Бүгүн, 15-сентябрга карата өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 82 учуру аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 33, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 17, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 10, Баткен облусу – 3 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 117 адам илдеттен сакайып чыкты, 2 бейтап каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 389 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 171 миң 767 киши айыгып чыкса, 2 миң 578 адам каза болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД