Борбордун милициясынын ыкчам кызматкерлери кыймылсыз мүлккө алдамчылык кылган шектүүнү кармашты. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алданган аял милицияга кайрылган. Анын айтымында, шектелген жаран аялдын батирин 29 300 долларга сатып, акчасын алып, из жашырып качып кеткен.
Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси "Алдамчылык" боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. 38 жаштагы шектүү кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.