Кара-Сууда 26 жаштагы жигитти төрт адам сабап салган, экөөсү кармалды

Кара-Суу районунда 26 жаштагы баланы сабоого шектүү эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Жоош айылынын 47 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 13-сентябрдан 14-сентябрга караган түнү саат 01:30 чамасында Кызыл-Кошчу айылынын көчөлөрүнүн биринде анын 26 жаштагы уулу сабалганын билдирген. Ал киши уулун сабаган жарандарга чара көрүүнү суранган.

Бул факты боюнча материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш -жаза кодексинин 266-берене (Бейбаштык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө шектүүлөрдүн өздүгү аныкталды. Алар Жоош айыл аймагынын тургундары, 26 жаштагы Т. уулу Р. жана А.Б. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Мындан тышкары, дагы эки шектүүнүн өздүгү аныкталды. Алар 1996-жылы туулган О.М. жана 1995-жылы туулган С. уулу Ч. Учурда алар издөөдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД