Бир нече адамдан 30,40 миң сом алып, бербей качып жүргөн жаран изделүүдө

Тогуз -Тородо алдамчылыкка шектүү жаран изделүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 3-август күнү Тогуз-Торо РИИБне 53 жаштагы район тургуну арыз менен кайрылып, Тогуз-Торо районунун тургуну Шааболотов Самат аттуу адам уулун жумушка орноштурамын деп 30 000 (отуз миң) сом акча каражатын февраль айында алгандыгын билдирген. Бирок ушул убакытка чейин айткан жумушуна киргизбей же берген акчаны кайтарып бербей жүргөндүгүн айтып, келтирилген материалдык чыгымын төлөтүп берүүнү жана бул иш боюнча мыйзамдуу чечим чыгарууну суранган.

Мындан тышкары дагы бир 37 жаштагы район тургуну арыз менен кайрылып, өзүнө тааныш болгон Шааболотов Самат аттуу адам 40 000 (кырк миң) сом акчасын февраль айында карызга алып, ушул күнгө чейин алдапбербей жүргөндүгүн билдирген.

Аталган фактылар боюнча топтолгон материалдар Тогуз-Торо РИИБдин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Окуяга шектүүнүн өздүгү аныкталган. Ал Тогуз-Торо районунун тургуну 1986-жылы туулган Калманбетов Самат Шааболотович экендиги такталган. Азырынча шектүүнү издөө иш-чаралары жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД