Токон Мамытов РФ Мамдумасына шайлоого эл аралык байкоочу катары чакырылды

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов РФ Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькованын чакыруусу боюнча Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын VIII чакырылышына депутаттарды шайлоого эл аралык байкоочу катары катышууда. Бул тууралуу Акыйкатчынын аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда ал Екатеринбург шаарында Россия жарандарынын шайлоо укуктарынын сакталышына баам салууда.

Акыйкатчы Токон Мамытов менен биргеликте эл аралык байкоочу катары: Ламин Дж. Саннех (Гамбия), Алессандро Сваб (Италия Республикасы), Джоанг Феликс Муки Молапо (Лесото), Тьерри Дим (Швейцарии).

Мониторингде катышуудан сырткары, Акыйкатчы Токон Мамытов Свердлов облусунун Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяной Мерзлякова менен жолугушуп, ага Свердлов облусунда миграцияда жүргөн мекендештерибизге көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Акыйкатчы Токон Мамытов ошондой эле Свердлов облусунун Коомдук байкоо борборуна барды, ал жерде Свердлов облусунун Коомдук палатасынын төрагасы Александр Левин менен жолугушту. Ошондой эле, ал Россия Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Москалькова тарабынан уюштурулган: "Жарандардын шалоо укуктарын камсыздоо: омбудсмендердин мыкты тажрыйбалары менен алмашуу" аталыштагы тегерек столдун ишине катышты.

Токон Мамытов жана аны коштоп жүргөн адамдар эксперт жана эл аралык байкоочу катары чакырылган.

Акыйкатчынын шайлоого байкоо жүргүзүүсү уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД