Путиндин пресс-катчысы "Миллион сыйлыктар" акциясында 10 миң упай утуп алды

Россия президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков шайлоого электрондук түрдө добуш бергендер үчүн уюштурулган "Миллион сыйлыктар" акциясында 10 миң упайга ээ болду. Бул тууралуу кечээ, 19-сентябрда журналисттерге Москвадагы шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча коомдук штабдын башчысы Алексей Венедиктов билдирди.

"Миллиондогон сыйлыктар" оюну өттү, президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Сергеевич Песков 10 миң упай утту", - деди Венедиктов.

Буга чейин Москва Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Владимир Мохте Москвадагы онлайн добуш бергендерге оюн ойнотулуп, анда 21 бир бөлмөлүү батир, 100 автоунаа жана 10, 25, 50 жана 100 миң рублдык сертификаттар ойнотула турганын айткан.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик Думага шайлоо 17-19-сентябрда болду, муну менен бирге регионалдык жана муниципалдык шайлоолор да өттү. Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине ылайык, быйыл дистанциялык электрондук добуш берүү Москвада, ошондой эле Курск, Нижний Новгород, Ярославль, Мурманск жана Ростов облустарында жана Севастополдо уюштурулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД