Пермь университетинде 18 жаштагы жигит студенттерге ок чыгарды. Бул тууралуу чет элдик массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ок атышуу 20-сентябрда Пермь мамлекеттик университетинде болгон. Ок атышуудан 4 студент каза тапты, жаракат алгандар дагы бар. Кээ бир студенттер менен мугалимдер класстарга бекинип алышса, башкалары билим берүү мекемесинин терезесинен секирип жатышат.
Видеотасмада корккон жигиттер менен кыздар 2 -кабаттын терезелеринен дүрбөлөңгө түшүп буюмдарын ыргытып,секиришүүдө. Алардын корккон үндөрү жана кыйкырыктары угулат.
Алдын ала маалыматтар боюнча, ок чыгарып жаткан шектүү жаран 18 жаштагы Тимур Бекмансуров.