Жалал-Абадда мыйзамсыз жүгүртүүдөн 1 млн 854 сомдогу алкоголь тартып алынды

Жалал-Абадда рейддин жыйынтыгы боюнча мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы 1 млн 854 сомдогу алкоголь тартып алынды. Бул тууралуу МСКнын басма-сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери УКМК башкармалыгынын кызматкерлери менен биргелешкен рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө Жалал-Абад шаарында күмөндүү акциздик маркалар менен алкоголдук продукцияны мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактыларын аныкташты.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн бардыгы болуп 1 млн 854 сом суммадагы ар кандай аталыштарда жана идиштердеги (СВВЗ логотиби менен) 6 миң 689 бөтөлкө алкоголдук продукция тартып алынган.

Бардык материалдар жана алынган алкоголдук продукциялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн УКМКнын тиешелүү аймактык органына берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД