Чүйдө 30 жаштагы адамды уурдап, 100 миң сом талап кылган шектүүлөр кармалды

Чүй облусунда 30 жаштагы адамды уурдап, ага физикалык жактан күч колдонуп, 100 миң сом талап кылган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-сентябрда милицияга Искра айылында адам уурдалганы тууралуу билдирүү түшкөн. Анда 30 жаштагы жигит күч колдонуу менен уурдалган.

Бир нече убакыттан кийин бул окуяга шектелген үч жаран кармалды. Кармалгандардын экөөсү 26 жашта, дагы бирөө 27 жашта.

Тергөөнүн жүрүшүндө милиция аныктагандай, кол салгандар жабырлануучуну Чүй облусунун аймагынан уурдап кетишкен. Алар физикалык күч колдонуу менен коркутуп, 100 миң сом талап кылышкан.

Учурда бардык жагдайлар иликтенүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД