Ошто "Түштүк-ЭКСПО-2021" Эл аралык көп тармактуу көргөзмө-жарманкеси болот

2021-жылдын 28-30-сентябрь күндөрү Ошто "Түштүк-ЭКСПО-2021" эл аралык көп тармактуу көргөзмө-жарманкеси өткөрүлөт. Иш-чарага 500дөн ашуун жергиликтүү ишкерлер, чет өлкөнүн элчилери, дипломаттар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Аталган иш-чаранын алкагында чет өлкөдөн келген коноктор Ош облусундагы бир катар ири ишканалар менен таанышып, жергиликтүү ишкерлер менен кызматташуу тууралуу келишимдер түзүлөт.

"Түштүк-ЭКСПО-2021" Эл аралык көп тармактуу көргөзмө-жарманкеси максаты: Ош облусунда Эл аралык соода экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, мындан ары бекемдөө, инвестиция тартуу жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн өндүргөн товарларын экспортоого колдоо көрсөтүү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД