Валентина Шевченко дагы бир атаандашын нокаутка учуратып, UFC курун коргоду

Валентина Шевченко дагы бир атаандашын нокаутка учуратып, UFC курун коргоду. Кыргызстандык спортчу, аралаш стилдеги мушкер (ММА) Валентина Шевченко дагы бир атаандашын нокаутка учуратып, UFC курун коргоду. Шевченко Absolute Fighting Championship турниринде америкалык Лорен Мерфиден күчтүү болуп чыкты. Төртүнчү раундда калыс Мерфи чемпиондун соккусунан коргой албайт деп ойлоп, беттешти токтотту. Мерфини жеңүү 33 жаштагы Шевченконун UFC боюнча жеңил салмактагы титулунун алтынчы коргоосу болду. Эми Кыргызстандын өкүлү ММА боюнча 22 жеңишке жетип, үч жолу жеңилүү ызасын тартты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД