Борбордо күркөлөр, ангар жана бут кийим оңдоочу жай алынып салынды

Бул туралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы мыйзамсыз объекттерди бузууну улантууда. 6- кичи районунун №3 үйүнүн мыйзамсыз орнотулган күркө, ошол эле жерден "Риха" компаниясынын күркөсү дагы алынды.10 -кичи райондо бут кийим оңдоочу жай, Осмонкул көчөсүндөгү ангар демонтаждалды. Объекттердин ээлеринин тиешелүү уруксат кагаздары болгон эмес. Урматтуу шаардыктар! Эгерде сиз мыйзамсыз орнотулган объектинин күбөсү болсоңуз, фото жана видео фактыларды төмөнкү номерге жөнөтүңүз: 0707 48 61 62.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД