8-кабаттан боюн таштаган жигит каза болду

Бишкекте жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу имараттан боюн таштаган 22 жаштагы жаран каза болгону кабарланды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги тастыктады.

Маалыматка ылайык, ал Байтик Баатыр менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде курулушу бүтө элек имараттын сегизинчи кабатына чыгып, 4 сааттай турган. Кечке маал өзүн таштаганы жана ооруканага жеткирилгени кабарланган. Тилекке каршы, жаран каза болуп калган.

Кошумча маалыматтар берилет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД