Алматыда келин 3 баласын тогузунчу кабаттан ыргытып, анан өзү секирген

Алматыда 28 жаштагы келин үч баласы менен тогузунчу кабаттан секирип, баары тең каза болду. Бул тууралуу Алматы шаардык полиция департаментинин басма сөз кызматы кабарлады.

"Жетысу кичи районунда жашаган келин 2015, 2016 жана 2019-жылы туулган балдары менен тогузунчу кабаттан секирип кеткен. Жыйынтыгында келин менен эки баласы дароо каза болуп, бирөө тез жардам унаасында жан берген", - деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Маркумдун коңшулары жергиликтүү басылмаларга келин алгач үч баласын терезеден ыргытып, андан соң өзү секиргенин айтып беришкен.

Болжолдуу маалыматтарга ылайык, келиндин мындай кадамга баруусуна үй-бүлөсүндөгү жаңжал себеп болгон. Бул тууралуу ал өлүм алдында калтырып кеткен катта жазылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД