1-декабрдан тарта Кыргызстан менен Орусия ортосундагы аба каттамдар көбөйөт

Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан тартып Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы аба каттамдары көбөйөт. Бул тууралуу Москва шаарына (Россия Федерациясы) жумушчу сапары менен барган КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен болгон жолугушуусунда маалым болду.

Тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана отун-энергетикалык тармактардагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү маселелерин талкуулады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД