Сокулукта 26 жаштагы жигитти сабаган деп 21 жаштагы 3 жигит кармалды

Сокулук районунда бейбаштыкка шектелип үч жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, 2021-жылдын 2-октябрь күнү Сокулук РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарынын бейтепканаларынын бирине дене жараты менен жаран кайрылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган маалымат боюнча дароо ыкчам тергөө тобу чыккан. Анда арыз менен Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айылынын 1995-жылы туулган К. Т. аттуу тургуну кайрылгандыгы белгилүү болду. Себеби, 2021-жылдын 30-сентябрь күнү болжол менен саат 23:00 чамасында Төмөнкү-Чүй айылынын Маданият үйүнүн жанынан бей тааныш балдар келип сабап кетишкендигин билдирген.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) менен катталган.

Чүй ОИИББ нин жана Сокулук РИИБнин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы фактыга шектелип 2000-жылы туулган Ж.Б., К.Э., жана К.Т., атту жарандар кармалган.

Учурда шектүүлөр кармочуу жайга киргизилген.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД