Марат Иманкулов: Шайлоонун жыйынтыгы боюнча коркуп-үркө турган эч нерсе жок

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча коркуп-үркө турган эч нерсе жок, аны бурмалаганга жол бербейбиз. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы, парламенттик шайлоону өткөрүү боюнча Республикалык штабдын жетекчиси Марат Иманкулов өзүнүн Facebook`тагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, айрым партиялар шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп жазып жатышат.

"Биз ага жол бербейбиз. Мындай саясатты атайын жүргүзгөн жокпуз. Бул ачык шайлоо. Коркуп-үркө турган эч нерсе жок. Партия лидерлери, келгиле, ар бир бюллетенди текшерип чыкканга даярбыз. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы кол менен санаганда гана чыгат. АСУнуку (автоматтык эсептөө урнасы) алдын ала жыйынтык. Бүгүн-эртең бардык шарттарды түзүп беребиз, партия мүчөлөрү менен ар бир шайлоо участкасынан чыккан бюллетендерди санап чыгабыз. Баарын кайра текшерип чыкканга даярбыз. Биз шайлоонун жыйынтыгын бурмалаганга жол бербейбиз", - деп жазган ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД