Бишкекте кафенин жанында ок чыгарган деп 37 жаштагы жаран кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерелери ээнбаштыкка шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 6-декабрда болжол менен саат 00:40 чамасында Бишкек ШИИББнин "102" кызматына Фатьянов көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринин жанынан белгисиз жаран ок чыгарып жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келген учурда белгисиз жаран белгисиз курал менен ок чыгарууга аракет кылып жаткандыгы аныкталган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-аракеттерин жүргүзүп, кылмыш изи суй электе кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган Ш.А. аттуу жаранды кармашкан.

Текшерүү учурунда кармалган жарандын "Лексус 570" үлгүсүндөгү авто унаасынын ичинен белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал 38 патрону менен, газотравматикалык тапанча 21 патрону менен табылган.

Бул факты боюнча кармалган жаран жана жанынан табылган куралдар Биринчи май райондук ИИБнин Тергөө кызматына андан ары чара көрүү үчүн жеткирилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД