Сокулукта кызганычтан улам бөтөлкөлөшүн өлтүргөн 31 жаштагы жаран кармалды

Сокулук районунда киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 8-декабрь күнү болжол менен саат 13:30 чамаларында Сокулук РИИБнин нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, Жаңы-Жер айылындагы көчөлөрдүн биринде 30-35 жаш курактагы эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу малымат келип түшкөн.

Алынган маалыматтын негизинде окуя болгон жерге дароо Сокулук РИИБнин ыкчам тергөө тобу чыккан. Милиция кызматкерлери жансыз денеге кароо жүргүзүү учурунда анын дене жаракаттары аныкталып, ал 1991-жылы туулган Н.А. аттуу жаран экендиги такталган.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталаган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1989-жылы туулган Р.Б. аттуу жаран кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышка шектүү менен каза болгон жаран ичимдик ичип отурушуп, кызганычтан улам уруша кетишип, жыйынтыгында 1991-жылы туулган Н.А. каза болгону маалым болгон.

Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери уланылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД