Кардарлары: "Smart Home" курулуш компаниясы бизди алдап кетти" (видео)

Биздин редакцияга бир нече адам кайрылып, "Smart Home" курулуш компаниясы аларды алдап кеткендигин айтып даттанышты. Айтымдарында, аталган компания келишимди так аткарбай, курулуш иштерин убагында бүтүргөн эмес жана сапаты да начар болуп калган.

Аталган компания сапатсыз бүткөн жерлерин кайра оңдоп бербей жаткандыктан, эми алар укуктарын сот аркылуу коргоону чечишкен.

Биз экинчи тараптын да оюн угалы деп, тактап айтканда "Smart Home" компаниясынын жетекчиси Рустам мырзага телефон аркылуу төрт ирет байланышып чакырдык, бирок ал келүүгө убада берген менен, келген жок. Курулуш компаниясынын борбор калаанын Жибек жолу көчөсүндө жайгашкан кеңсесине барып да жолуга албай келдик.

Эгерде "Smart Home" курулуш компаниясынын өкүлдөрүнүн да өз чындыгы болсо, аны да берүүгө даярбыз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД