Казакстанда бир нече сааттын ичинде үч жогорку кызматтагы офицер каза болду

Бүгүн, 10-январда Жамбыл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы, генерал Жанат Сулейменовдун сөөгү Таразда табылганын Казакстандын Ички иштер министрлиги билдирди.

"Таразда Жамбыл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын жансыз денеси табылды. Учурда сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат. Окуянын чоо-жайы такталууда", - деп айтылат маалыматта.

BaigeNews.kz белгилегендей, Жанат Сулейменов өз жанын кыйган. Журналист Михаил Козачков өзүнүн Telegram каналында Тараздагы тополоңдон кийин Сулейменовго кылмыш иши козголгонун билдирди. Аны трибунал менен коркутушкан.

Ошондой эле бүгүн Нур-Султан шаарында УКМКнын полковниги Азамат Ибраевдин жансыз денеси жашаган жериндеги үйдүн короосунан табылганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

"Бул факты Нур-Султан ШИИБнин Йесил РИИБ тарабынан 2022-жылдын 10-январында №227116031000018 РИИБге катталган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат.

Буга чейин да Алматыда милициянын полковниги каза болгон. Ал иш ордунда, жүрөк оорусунан каза болгону айтылууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД