Кайыңдыда киши өлтүргөн деп шектелип 35 жаштагы жаран кармалды

Чүйдүн облусунун Панфилов районунда киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-январда болжол менен саат 01:46да Кайыңды шаарындагы батирлердин биринен эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Алынган маалыматтын негизинде окуя болгон жерге дароо ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан каза болгон жарандын өздүгү аныкталып, ал 34 жаштагы А.К. экендиги такталган. Кароо учурунда анын дене жаракаттары аныкталган.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Киши өлтүрүү") боюнча катталып, териштирүү иштери башталган.

Ыкчам иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 35 жаштагы А.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Зарыл болгон экспертизалар дайындалып, учурда окуянын келип чыгуу себептерин териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД