Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундарды бычактаган деп УКТ мүчөлөрү кармалды

Ысык-Көлдө денеге оор залака келтиргенге шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалышты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 5-январь күнү болжол саат 20.30 чамаларында Балыкчы ШИИБге шаардык ооруканадан билдирүү түшүп, анда 31 жаштагы жергиликтүү тургун К.Э. жана 32 жаштагы Тоң районунун тургуну Э.Ч. денелеринен учтуу нерсе менен оор жаракат алып түшкөнү маалымдалган.

Аталган факт шаардык милициянын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жазык кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Ден соолукка келтирилген залалдын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп, Ысык-Көл ОИИБдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жарандарынын өздүктөрү аныкталды. Алар, Ысык-Көл облусунун тургундары, ИИМдин ыкчам каттоосунда УКТнын мүчөлөрү катары турушкан 30 жаштагы Б.Б. жана 28 жаштагы И.И. болуп чыгышты.

16-январь күнү Балыкчы шаарынын кире беришинде милиция кызматкерлери тарабынан шектүүлөр бара жаткан унаа токтотулуп, колго түшүрүү иши турмушка ашырылды.

Сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин, кылмышка шектүү катары кармалгандар Балыкчы ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө амалдары уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД