Салык төлөөчүлөр 28-январга чейин КНС төлөөчү катары каттоодон өтүшү керек

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдүн кайсы категориялары 2022-жылдын 28-январына чейин КНС төлөөчү катары каттоодон өтүшү керектиги боюнча түшүндүрмө берди.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, жалпы салык режиминин негизинде салыктарды төлөгөн жана 2021-жылдын 31-декабрына карата КНС төлөөчү болуп эсептелбеген салык төлөөчү 2022-жылдын 28-январына чейин КНС төлөөчү катары катталуу же атайын салык режимине өтүү үчүн салык органына арыз берүүгө тийиш.

Бул мөөнөт аяктагандан кийин арыз бербеген салык төлөөчү 2022-жылдын 1-январынан тартып жалпы салык режиминин негизинде салык төлөөчү болуп таанылат.

Жалпы салык режимине ылайык иш жүргүзүүчү жана салыктарды төлөөчү субъект салыктык каттоодон өткөн күнү КНС боюнча катталууга тийиш.

Экономикалык иш болуп ишкердик жана башка иштер эсептелет, мында субъекттин экономикалык иши, эгерде ал системалуу негизде жүзөгө ашырылса ишкердик деп таанылат.

Системалуу негиздеги ишмердик – бул эгерде календардык жылдын ичинде экиден ашык товар бирдиги сатылса, бирдей жана/же бир тектүү товарларды сатуу, ошондой эле кайтарымдуу негизде жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү боюнча ишмердик саналат.

Демек, коомдук фонддорго, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнө жана алардын долбоорлоруна, мекемелерине жана коммерциялык эмес уюмдар болуп саналган жана ишкердик ишин системалуу түрдө жүргүзбөгөн башка субъекттерге КНС төлөөчү катары каттоодон өтүү талабы коюлбайт. Мындай уюмдар жалпы салык режиминде каралган салык жеңилдиктеринен пайдаланат.

Мындан тышкары, мыйзам чыгаруу, сот, аткаруу бийлигинин органдары, мамлекеттик бийликтин өзгөчө статусу бар органдары, Кыргыз Республикасынын Конституциясында аталган башка мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органы жана оюн-зоок, эс алуу же көңүл ачуу чөйрөсүндөгү ишмердигин кошпогондо, Депозиттерди коргоо агенттиги пайда салыгын, салык салынуучу берүүлөргө КНСти, сатуу салыгын төлөөчү болуп эсептелбейт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД