Жалал-Абадда кичи сайларды бөгөп, суу сактагыч куруу пландалууда

Жалал-Абад облусунун аймагында жазгы талаа иштерине жетиштүү суу камдоо аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул багытта Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев тийиштүү кызматтардын жетекчилери менен бирге Сузак районунун Курманбек айыл өкмөтүндөгү Көк-Арт дарыясына куйган кичи сайларды жеринен көрүп чыкты.

Бул жылдагы жаан-чачындын аз жаашы, климаттын өзгөрүшү менен суунун көлөмү азайганы байкалган. Ага ылайык жазгы талаа иштерине тийгизген таасирин алдын алуу максатында кичи сайларды бөгөп, талаа жумуштарына жетиштүү суу камдоо пландалууда.

Алдыда бул багытта атайын комиссия түзүлүп, белгиленген жайларда изилдөө иштерин жүргүзөт. Тийиштүү адистердин чечими менен кичи сайларга суу сактагычтарды куруу аракеттери көрүлөт.

Облус башчысы мындагы жайларга 5 млн куб метрге чейин суу сактоочу дамбаларды куруу каралып жатканын айтты. Андыктан комиссия курамы аталган жайларды кылдат карап чыгып, суу тартыштыгынын алдын алуу чараларын өз убагында көрүү зарылдыгын белгиледи.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Курманбек айыл аймагына суу сактагычтардын курулуусу менен аймактагы жалпы 18 миң гектар жерди суу менен камсыздоого мүмкүнчүлүк жаралат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД