Сузакта 25 жаштагы келин эки наристеси менен ууланып ооруканага түштү

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 25 жаштагы келин жана эки наристе ууланды деген божомол менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен белгилешти.

Маалыматка ылайык, окуя 23-январда болгон. Сузак районунун Благовещенка айылынын 3 тургуну (1997-жылы туулган С. кызы А. аттуу келин жана 2020-жылы туулган А.А., 2018-жылы туулган А.Ө.) өздөрүн жаман сезишип ооруканага кайрылышкан.

"Алар үй шартында даярдалган (консервацияланган) салат менен тамактанышкан. Аталган жарандар Жалал-Абад шаардык жугуштуу оорулар бѳлүмүнѳ ботулизм оорусуна күмөндөлүп жаткырылган, абалдары туруктуу", – дешти министрликтен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД