28-январь: Өлкө башчы Садыр Жапаровдун ант бергенине туура бир жыл болду

Өлкө башчы Садыр Жапаров былтыр, 2021-жылдын 28-январында Кыргыз улуттук филармониясында президенттик антын берип, кызматына киришкен.

"Мен Жапаров Садыр Нуркожоевич, Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына киришип жатып Кудайдын жана элимдин алдында мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын адилеттүү ишке ашырууга, жарандардын укуктарын коргоого, элибиздин, мамлекетибиздин бүтүндүгүн, коопсуздугун сактоого ант беремин", - деген ал.

Бүгүн, 2022-жылдын 28-январында Садыр Жапаровдун ант бергенине туура бир жыл болду. Садыр Жапаровдун президенттик кызматка келгенинин бир жылдыгына арналган сүрөттөрдүн сериясын, анын ичинде буга чейин жарыяланбаган кадрларды президенттин фотографы Султан Досалиев жарыялады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД