Бишкекте милиция туура эмес орнотулган көрнөк-жарнактарга айып пул салууда

Милициянын кайгуул кызматы тарабынан туура эмес орнотулган көрнөк-жарнактар үчүн 67500 сом айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү автоунаа жүрүүчу жол жээктерде Кыргыз Республикасынын "Автоунаалар жүрүүчү жолдор" тууралуу мыйзамына туура келбеген туура эмес орнотулган көрнөк-жарнактар, баннерлер, көрсөткүчтөр, белгилер, плакаттар жана башка башаламан белгилер үчүн атайын, "Рекламный щит" аталышында реддик иш-чара жүргүзүп, төмөнкү бузууларды аныктады;

-өз алдынча туура эмес жарнак-баннерлерди орнотуп алгандар 20 факты аныкталды;

- Кемчиликтери менен орноткон 7 жаранга кайрадан калыбына келтирүү үчүн эскертүүлөр берилди;

-Туура эмес орнотулган 13 көрнөк жарнактарга тийиштүү протокол толтурулуп, 67500 сом айып салынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД