ИИМ: 2 айда эле 133 киши каржы пирамидаларына 61 млн сом алдаткан

Ушул жылдын эки айында 133 киши каржы пирамидаларына алданып, 61 миллион сом чыгым тартышкан. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ички иштер министрлиги дагы бир катар каржы пирамидаларын уюштуруу боюнча фактыларды аныктады. 2022-жылдын 2 айында эле Ички иштер министрлиги тарабынан каржылык пирамидаларды уюштуруу фактылары боюнча 111 сотко чейинки өндүрүш иши тергелип, анын ичинен 91 сотко чейинки өндүрүш иштеринин тергөөсү аяктап, соттун кароосуна жиберилген. Жогорудагы фактылардын басымдуу көпчүлүгү Бишкек шаарында, калгандары Ош жана Ысык-Көл облустарында катталган. Жабыркагандардын жалпы саны - 133 адамды түзгөн. Алдын ала келтирилген чыгым 61 миллион сомдон ашык болгон.

Жеңил акчанын артынан түшкөн жарандарыбыз аз убакыттын ичинде чоң дивиденттерди убада кылган "кайрымдууларга" карызга батып, акча берип алданып келет.

Каржы пирамида – финансылык алдамчылыктын эң кеңири таралган түрлөрүнүн бири.

Мында тартылган каражаттар боюнча, киреше жаңы катышуучуларды тартуу жолу менен төлөнүүчү схема болуп саналат.

Алдамчылар, адатта, жакшы манипуляторлор жана акча алуунун жаңы жолдорун ойлоп табуу менен адамга психологиялык жана эмоционалдык жактан таасир этүүнү билишет.

Алар кыймылсыз мүлктү, облигацияларды жана акцияларды сатып алууну сунушташат, алар супер рентабелдүү делген интернет-долбоорлорго, курулушка жана айыл чарбага инвестициялоого убада беришет.

Каржы пирамидалар өздөрүн уюмдардын дээрлик бардык формасы катары жашыра алышат.

Ак эмгек менен тапкан акчаңызды мындай уюмдарга салаардан мурда, кырдаалды кылдаттык менен баалаңыз. Суроо берүүдөн жана документтерди талап кылуудан коркуунун же тартынуунун кереги жок.

Бул сиздин акчаңызды коргоо максатында болуп жатат. Жана эсиңизде болсун: чоң суммадагы кирешелер чоң тобокелчиликтерсиз болбойт!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД